Скачать и слушать песню Gulzhigit Satibekov - Bakyt Izdem в mp3 бесплатно.

Текст песни

Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген, Мөмөсүн кандай жандар татып жеген? Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп, Кызарып күнгө кошо батып келем. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса. Бакыттай, бакыттай, Бакыттай сезилет да. Келээрсиң, келээрсиң мага да, Балким жазда. Негедир ал күндөр, Ал күндөр кечигет да. Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген, Жете албай канча жандар өксүп келген. Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп, Мен эми жашап калдым үмүт менен. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Сүйүүдөй, сүйүүдөй, Сүйүүдөй сезилет да. Келээрсиң, келээрсин мага да, Балким жазда, Негедир ал күндөр, Ал күндөр кечигет да. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Менин да көз жашым тамчылайт да. Кечикпе! Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда, Күтүүдөн жан дүйнөм, Жан дүйнөм жанчылат да. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Менин да көз жашым, Көз жашым куюлат да. Күтөмүн, күтөмүн, Каректер толуп жашка, Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.

Комментарии

Минимальная длина комментария - 50 знаков. комментарии модерируются
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
{comments-subscribe}
Комментариев еще нет. Вы можете стать первым!