Скачать и слушать песню Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө в mp3 бесплатно.

Текст песни

[00:10.75] Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, [00:16.85] Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген. [00:23.57] Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, [00:29.03] А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, [00:34.31] Туңгуюкка кептеген. [00:38.41] Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, [00:45.34] Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. [00:52.27] Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, [00:57.73] Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай, [01:04.53] Кара жанды кыйнамай. [01:09.93] Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, [01:15.71] Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар. [01:21.18] Адамзаттын ушулар убалына калчулар, [01:27.62] Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, [01:33.54] Акыр заман салчулар. [01:39.33] Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы, [01:44.68] Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы. [01:51.55] Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, [01:57.10] Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, [02:01.54] Эркин ойноп жыргайлы. [02:07.40] Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп, [02:11.97] Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. [02:19.18] Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк, [02:23.99] Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, [02:31.40] Бакыт канча ким билет. [02:36.53] Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, [02:42.48] Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң. [02:50.07] Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң, [02:55.26] Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң, [03:00.61] Качырганда билерсиң. [03:07.74] Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, [03:14.93] Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө. [03:21.87] Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө, [03:26.91] Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, [03:33.05] Дайым сулуу бул дүйнө. [03:37.58] Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, [03:42.74] Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. [03:49.89] Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, [03:55.55] Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай, [04:02.46] Бактыбызды байлабай. [04:08.71] Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, [04:15.68] Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң. [04:22.68] Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң, [04:28.09] Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, [04:33.31] Миң жашасаң тойбойсуң. [04:57.10]

Комментарии

Минимальная длина комментария - 50 знаков. комментарии модерируются
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
{comments-subscribe}
Комментариев еще нет. Вы можете стать первым!